• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мас милиция кызматкери үч баланы сүзүп кетти

21 Бештин айы 2018 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV

Кара-Балта шаарында милиция кызматкери мас абалында үч баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жапа чеккендердин тууганы Нурлан Акылбеков билдирди.


Анын айтымында, тартип сакчысы кылмыш болгон жерден качып кеткен. Ал эми Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы милиция өзү күнөөсүн мойнуна алып келгенин айтууда.


Окуя 16-декабрда болгон. Кара-Балтадан «Мерседес» уунасы менен бара жаткан милиция кызматкери жол боюнда турган балдарды сүзүп кеткен. Алардын бирөө кырсык болгон жерде көз жумган. Анын эки баласы атасыз калды.


Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, шектүү Жайыл райондук кароол бөлүмүнүн кызматкери. Ал бир айга камакка алынды.

Количество просмотров: 48