• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ БШКда кандай негизде тинтүү жүрүп жатканын түшүндүрдү

24 Тогуздун айы 2020 22:46 Бишкек Govori.TV

БШКнын шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө ИИМ кийлигишпейт жана укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш аталган комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени жана ИИМ БШКнын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын жана ага укугу жок экени айтылат.

«Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 331-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (шалаакылык) боюнча материал каттаган. Сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүү тапшырмасы берилген. Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырат жана мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу. Бирок шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында көптөгөн бузуулар катталган. Бул жөнүндө маалыматтык ресурстардагы маалыматтар, укук коргоо органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган материалдары тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык баш аламандыкка алып келген масштабдуу каршылык акциясы өткөн. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш БШКнын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу. БШКнын шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө ИИМ кийлигишпейт жана укугу жок», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, түшкө маал БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатканы кабарланган. Буга комиссиянын кызматкерлери нааразычылыгын билдирген болчу.

Количество просмотров: 72