Тажиктер Орто-Боздо чек арага курулуш иштерин кайрадан баштады (видео)
Тажиктер Орто-Боздо чек арага курулуш иштерин кайрадан баштады (видео)
18 Тогуздун айы 2019 9:48 Бишкек Govori.TV
Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз айылындагы чек арадагы жерге тажик тарап дагы курулуш баштады. Бул тууралуу Бүгүн саат 18дерде бир ай мурда курулуш баштап, кийин бузуп кетишкен жерге, тагыраагы жол кесилишине жаткан тосмо орнотушту. Бул тууралуу Гүлжигит Исаков аттуу фейсбук колдонуучу өздүк баракчасына жарыялады.
Видеодон Орто-Боздун Төрт-Көчө (Жака-Өрүк) аймагындагы Ош-Исфана кан жолу менен Тажикстандын Исфара-Ворух жолу кесилишкен жерге тажиктер бүгүн, 17-октябрда кечке жуук жаткан тосмо (лежачий полицейский) орнотуп жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 14-сентябрда да тажик тарап дал ушул аймакка курулуш баштап, 16-сентябрь күнү Лейлектин чек арадагы Максат айылында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда куралдуу ок атышуу болгон.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды
2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун …