Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.
Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 198-чакырымындагы жол кырсыктан милиция кызматкери, анын 4 жаштагы кызы каза болгон. 22-февралда саат 21:30 чамасында болгон кырсыктан маркумдун жубайы, балдары жана кесиптеши үй-бүлөсү менен жаракат алып, ооруканага жаткан болчу.
Алдын ала маалыматтар боюнча, «Тойота Лэндкрузер» унаасын башкарып бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну багытын каршы тилкеге буруп, «Ауди-100» унаасы менен сүзүшкөн. Экинчи унаа Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Боронбай уулу Бейшембайдын башкаруусунда болгон.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Боронбай уулу Бейшембай, анын 4 жаштагы кызы окуя болгон жерде көз жумду.
Кийинчерээк маалым болгондоой, «Тойота Лэндкрузер» унаасын 1997-жылы туулган Ы. уулу Ж. башкарып жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасында ойногон. Учурда футбол клубдардын биринде жарым коргоочу. Ал жол кырсыктан жаракат алган эмес.
«Ауди-100» унаасындагы эки үй-бүлөнүн бири Ысык-Көл районуна, экинчиси Чоң-Өрүктү айылына бара жаткан. Ошол күнү милиция кызматкерлери футбол боюнча мелдешке катышып, чогуу кайтышкан.