• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Милиционерлердин люкка түшүп кеткен күчүктү куткаруусу көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты (сүрөт)

23 Чын куран 201915:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04.2019.Govori.TV.

Каракол шаарында милиция кызматкерлери 10 жаштагы Нурболдун люкка түшүп кеткен күчүгүн чыгарып беришти. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

На данном изображении может находиться: один или несколько человек и на улице
На данном изображении может находиться: 2 человека, люди стоят, борода и на улице

Маалыматка ылайык, милициянын аймактык кызматкери Максат Абыкеев жана Каракол ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Анвар Рыскулов кызматтык унаа менен жарандарды кабыл алуу боюнча аймакты кыдырып жүрүшкөн. Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде люктан бир нерсе алууга аракет кылып жаткан баланы көрүшкөн. Ага барып, баланын аты Нурбол экенин жана анын кичинекей күчүгү люкка түшүп кеткенин аныкташкан. Күчүгүнө кабатырланган Нурбол ыйлагысы келип, аны кантип чыгарарын билбей турган. Ал эми жанынан өткөн адамдар люк терең болгондуктан ага түшө алышкан эмес.

На данном изображении может находиться: 4 человека, люди стоят и на улице

Милиция кызматкери Максат Абыкеев люкка кирип, күчүктү ээсине чыгарып берди. Нурбол милиция кызматкерлерине рахмат айтып, үйүнө кетти.

На данном изображении может находиться: 1 человек, стоит и собака



Количество просмотров: 14