• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Милициянын кызматкери 11 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү

29 Үчтүн айы 201911:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.01.2019.Govori.TV.

29-январда, саат 7:10дор чамасында Бишкек — Ош жолунун 9-чакырымында Audi A6 автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу Ново- Покровка айылынан жөө кишилер өтө турчу жерден 11 жаштагы баланы коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

11 жаштагы бала алган жаракатарынан кырсык болгон жерде өзүнө келбей каза болгон.

Айдоочу Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.

Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан окуянын чоо-жайы иликтене баштады.

Количество просмотров: 12