Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев азыркыга чейин тажик тарапта барымтада калууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү органдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Мурдараак “Жилой дом” участкасына жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алып алышкандыгы маалымдалган. Бирок, тажик тарап кыргызстандыктын барымтаган алынганы тууралуу маалыматты чет кагууда.