• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция: Кеминде жоголгон 2 үйүр жылкы табыла элек

16 Жетинин айы 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда 50 баштан ашык жылкынын жоголушу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, жоголгон 2 үйүр жылкы табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Govori.TVга Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кемин районунда жоголгон жылкылар Казакстан Республикасынын аймагынан табылганы тууралуу видео тасмадагы маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жоголгон малдарды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Кемин районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жоголгон малдар боюнча багыттамалар жөнөтүлүп, Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарларда ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан мал жоголгон жайлоолор тегиз каралды. Учурда сотко чейики өндүрүш иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Боролдой айылынын Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкысы жоголуп кеткенин билдирген. Алынган маалыматтын негизинде, дароо окуя болгон жерге Кемин РИИБдүн ыкчам тергө тобу чыгышкан. Жогорудагы факты Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган.

Ошондой эле 2-ноябрь күнү Кемин РИИБге Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган тургуну О.Ж. арыз менен карйрылып, Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкы, 15 баш кулуну белгисиз себептерден жоголуп кеткенин билдирген. Дароо Кемин РИИБдин ыкчам тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, жылкылар эки бөлүнүп жоголгон.

Количество просмотров: 179