Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Суусамыр жайлоосунан кичинекей бала жоголду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылынын К.Т. аттуу 3 жаштагы тургуну козу карын тергени чыккан. Ал эми саат 10:00 до бөбөктү таппай калышкан.
Ошол эле күнү бөбөктү издөөгө 9 куткаруучу жана 6 милиция кызматкери тартылган. Бирок аракеттер жыйынтык бербей, караңгы түшкөнүнө байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери токтотулган. Ал эми баланы издөө үчүн бүгүн, 4-июнда дагы издөө иштери уланып, кошумча куткаруучу топ жөнөтүлөөрүн ӨКМдан билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин бөбөктү издөө үчүн дрон керектелип жатканы айтылган.