• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз табыла элек

21 Теке 2022 9:33 Бишкек Govori.TV

Ысык Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз 4 күндөн бери табыла элек.

ӨКМ кабарлагандай,, 17-июль күнү Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Жоголгон күндөн тартып жерине Ысык-Көл райондук, Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүктөрүнүн куткаруучулары жана суучулдар тартылууда. Ошондой эле райондук ИИБ кызматкерлери да куткаруучулар менен биргеликте жергиликтүү тургундар, туугандары издөө иштерине чыгып жатышат. Ал эми бүгүн, 21-июлда жергиликтүү тургундар менен биргеликте Каракол, Балыкчы шаарларынын суучулдары жана куткаруучулары көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө чыгышты»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 255