• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айылдашын бычактаган Токмоктогу шаардык кеңештин депутаты табыла элек. ИИМ иштеп жатабы?(Видео)

4 Аяк оона 2018 14:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.09.2018.Govori.TV.
Жуманын башында, тагыраагы 26-август күнү Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитовдун жердеши Талант Жамангулов аттуу жаранды бычактап салганы тууралуу кабар ММКларга тарады. Болгондо да Токмоктогу мал базардын ичинен. Адатта,  өлкөдө, ал турсун дүйнө мамлекеттеринде деле депутаттар кызыл чеке болуп мушташат, жекеме-жеке жакалашып, кээде топ-тобу менен калайман урушка түшкөн учурлары болот. Бирок, мунун баары саясий көз караштан улам же өлкө кызыкчылыгы үчүн парламент залдарында орун алып келген. Бирок, шаардык депутаттын болгондо да мал базарда бычак ала жүгүрүп, бирөөнүн убал-сообунан коркпой бычактап жатканы албетте көңүлгө ала турган окуя болду.
Анткени, Кыргызстан боюнча  7000ден ашуун жергиликтүү кеңештин депутаттары бар. Бүгүн бул мыйзамдан тыш, коомчулукка жат көрүнүштү айгинелеп, эл алдына чыгарып, укук коргоо органдарынын алдына коюп, жосунсуз жоруктук ашкерелебесек, эртең жер-жерлердеги эл өкүлдөрү бычак-мылтык ала жүгүрүп, кызыл жаян кан кечип жүрүшсө эмне болот. Бул прецедент болуп калбашы керек. Ошондуктан, Токмоктогу шаардык депутат катышкан окуяга абай салууну чечтик…
29-августта Токмок шаардык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнө барган кезибизде шаар тургуну, 33 жаштагы Талант Жамангулов керебетте таңылган ичин басып жаткан экен. ММКдан келгенибизди, иштин чоо жайынан айтканыбызда, бизден жардам сурап араң боюн түзөп отурганга жарады. Бирок, ал бул бир өлүмдөн калган окуя тууралуу айтуудан баш тартты.
“Ансыз деле эки күндөн бери ютубдан  чыгып хит болуп жатам. Бирок, дароо айтайын, эч кандай маалымат бере албайм. Милицияга да арыз жазганым жок. Мага аман калганым олжо, Кудайым бар экен, ичээр суум бар экен”,-деп биздин тасмага тартуубузга каршы болду.
Анда ары ал каршы тарап айтып жаткандай Уюшкан Кылмыштуу Топторго(ОПГ) тиешеси жоктугун,  саясий негиде Жээнбеков-Бабанов атаандаш болгон Президенттик шайлоо боюнча да кептер чындыкка коошпой турганын айтты.
“Мен көп жылы салык кызматында иштедим. Кийин суу чарба тармагында эмгектендим. Эгер кылмыштуу топто болсом мени мамлекеттик кызматка алмак беле?  Экинчиден, кандай адам жанынан тапанча, бычак салып жүрөт? Эч кимге зыяны жок карапайым адам куралданып жүрөбү же кайсы бир кылмышка аралашкан, бирөөдөн корккон, же бирөөнү коркуткусу келген адам бычак салып жүрөбү? Ким ОПГ экенин ушундан эле ажыратып алгыла. Мен жөнөкөй эле жаранмын, бала-чакам бар, алар эң мыкты окушат, камкор атамын. Ал эми арыз жазбаганым-мен жигитмин. Чырды бир күнү жигитче чечип алам. Арыз жазганда деле баары бир ушул иш боюнча факты менен иш козгогон милиция менен прокуратуранын ишинин аягында чыгаарына көзүм жетпейт”,-деди ал.
Анын сөзүнөн улам биз өзүнө кол салгандардын үстүнөн арыз жазбай жатканы-жеке керт башынын эмес үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн болуп жаткандай,  кылмышка шектүү тарап анын жакындарынын жана балдарынын өмүрүн коркунучка кептеп коюу мүмкүнчүлүгүнөн улам жана укук коргоо органдарынын бул иштин аягына чыгышына кепилдиги жоктугу себеп болуп жаткандай ой калтырды.
Андан соң ооруканынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Мурат Мухамбетовго кайырылып, депутаттын колунан бычак жеген Т. Жамангуловдун абалы тууралуу сурадык.
“26-августта Токмок шаардык оорукунасынаТ. Жамангулов аттуу оор абалдагы бейтапты танкы саат 9дар чамасында алып келишкен. Ич тушуна бычак жеп, жаракаты олуттуу болгон. Биз дароо операциялык столго жаткырып, бычак мизинен улам жабыркап, тешилген ичегилерин жамап, ич көңдөйүн тиктик. Бир саат 20 мүнөткө созулуп, бейтап жалпысынан 400 граммдай канын жоготкон. Өмүрүнө коркунуч бар болчу. Операциядан кийин кан басымы ордуна келип, кандын агуусу токтоп, бир аз өзүнө келди. 28-августта хирургия бөлүмүнө котордук, азыр абалы жакшы. Врачтардын тыкыр көзөмөлүндө жатат”,-дейт дарыгер.

Андар ары биз бул окуя боюнча кылмыш ишин ачып тергөө жүргүзүп жаткан Токмок ШИИБсинин имаратына келип токтодук. Бизди кабыл алган Токмок  ШИИБнин начальниги  Жалил Садыков Токмок мал базарындагы окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканын, бирок, толук маалыматты Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы гана бере ала турганын айтып, сылык узатты.
Ал эми бул боюнча бүгүн, 3-сентябрда  Чүй Облустук Ички иштер башкармалыгы нан жооп алдык.
“Азыркы тапта бул кылмыштуу окуя боюнча фактынын негизинде КРнын Кылмыш Жаза Кодексинин  28-97- беренесинин негизиде кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлдү. Бирок, бычак жеген жаран белгисиз себептерден улам өзүн бычактаган жарандын үстүнөн доо арыз жазуудан баш тарткан. Бул боюнча  тергөө тарабынан акт түзүлгөн. Ал эми факт боюнча кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 1988-жылы туулган Т. Ж. атуу жараны табылып, тергөө амалдарын жүргүзүүгө чакырылган. Бирок, ал жаран жашаган жеринде жок болуп, тергөөгө келүүдөн баш тарткандан улам учурда ага издөө жарыяланып, Чүй ИИБси тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат,”-деп билдирди Чүй ИИБсинин маалымат кызматынын өкүлү Назира Имангазиева.
Ошентип, дээрлик бир жумадан бери тогуз жолдун тоомундагы Токмок шаарынын депутаты, жердешин о дүйнөгө эртелеп узатып кое жаздаган Тынай Жансеитовду ички иштер министрлиги таппай жаткан чагы. Балким, жабырлануучу белгилегендей, шаардык депутаттын жергиликтүү милиция кызматкерлерине таасири чоң болуп, ошондон улам иш жылбай жаткан болбосун? Бул суроо менен Токмок шаардык прокуратурасына кайрылганыбызда, шаардык прокурордун орун басары Азамат Масиров иш прокуратуранын тыкыр көзөмөлүндө экендигин айтып ишендирүүгө аракет кылды.
“26-август куну эртен менен Токмок шаарындагы мал базарда Талант Жамангулов аттуу адам бычакталып, Токмок шаардык оорукканасына жаткырылыган. Бул боюнча  “Кылмышка шектүү катары Тынай Жансеитовдун үстүнөн “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан иш тергелип жатат. Бул иш боюна күбөлөр көрсөтмө берген. Шектүү көрсөтмө берүүгө келбей, таптырбай жаткандыктан ага издөө жарыяланды. Ыкчам издөө иштери жүрүп жатат. Прокуратура мындай оор кылмышты көзөмөлгө толук алды. Биз ММКлар үчүн ачыкпыз, бул ишти мыйзамдуу түрдө аягына чыгарып, сиздерге маалым кылабыз. Албетте, шаардык кеңештин депутаты болобу, жөнөкөй жаран болобу мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш,”- деп билдирет ал.
Кыскасы, бул иш боюнча укук коргоо, көзөмөл органдары өз милдеттерин аткарып эле жаткандай элес бар. Бирок, бир жумадан бери шаардык кеңештин депутаты изин жашырып жүрөт. Балким, ал өлкө сыртына, эч болбоду дегенде Токмоктон сууну кече качып, Казакстанга кирип кетиши деле толук мүмкүн. Ошондуктан, чек ара кызматы, коопсуздук комитети сыяктуу органдар да кылмышка шектүү шаар депутаты боюнча ишти биргеликте алып барганы оңдур?
Ал арада биз Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, качып жүргөн Тынай Жансеитовдун жакын досу делген Тилек Солтобаевге кайрылдык. Ал болсо  изделип жаткан кесиптеш партиялашынын кайда экендигин билбей турганын айтып, бул иш боюнча өзү да кызыкдар болуп жатканын айтты.
“Мал базарда Талант Жамангуловду  депутат Тынай Жансеитовдун сайганы тууралуу эч бир факты жоктугун мен дагы суроо жөнөтүп алып отурам. Бир дагы күбө жок дешти. Ошондуктан, азыр ал боюнча эч нерсе дей албайм, өзү менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Шаардык кеңеш бул окуя боюнча алдыдагы жыйындарында атайын анда биз бул боюнча шаардык кеңештин позициясын билдирмекпиз. Андай болгон жок да…”,-дейт Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Тилек Солтобаев.
Кыскасы, абал ушундай. Ал эми жергиликтүү тургундардын белгилеши боюнча Тынай Жансеитов Жогорку Кеңештин КСДП партиясынын депутаты Бакыт Жетигенов менен ынак, Токмок шаары боюнча КСДПнын координатору катары таанымал.  Анын агасы Жантай Жансеитов Токмок шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы. Ал эми атасы Каныбек Жансеитов мурдараак Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында иштеп, чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз паспорт жасоо боюнча кылмыш ишине шектелип, кийин белгисиз себептер менен кылмыш иши токтотулганы да белгилүү болду.
Количество просмотров: 76