• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Милиция кызматкерлери мас абалда уктап жаткан видео боюнча  текшерүү башталды

9 Үчтүн айы 2018 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.18 Govori.TV

ИИМдин бөлүм башчысынын иш бөлмөсүндө милиция кызматкерлери мас абалында  уктап жаткан видео боюнча  текшерүү башталды.Бул тууралуу «24.kg » маалымат агенттигине облусттук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ош облустук ички иштер башкармалыгы Ноокат райондук ИИМнин статистика бөлүмүнүн башчысы мас абалында уктап жаткан видеосу боюнча текшерүү жургузду.

Белгилей кетсек, адвокат Искен Афиджанов Facebook баракчасында видео жайгаштырып, анда статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовдун иш бөлмөсүндө эки адам уктап жаткандыгы тартылып алынган. Видеодо уктаган адамдардын жанындагы столдо арактын жана ширенин бөтөлкөлөрү тургандыгын көрүүгө болот.

«Учурда бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө текшерүү иштери жүрүп жатат.Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет”, — деп ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Количество просмотров: 11