Үч саатка жакын убакыттан кийин милиция кызматкерлери Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кеңсесинин эшигин талкалай башташты. Ага чейин анын ачкычын табууга аракет кылып, ага байланыштуу Дамира Ниязалиеванын БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн унаасын тинтүүгө алышкан.
Ниязалиеванын өзүнүн айтымында, кеңсенин ачкычтарын ал алып жүргөн эмес, ал жардамчыларында болгон. Ошол эле учурда алар жайды ижарага алып, ээсине өткөрүп беришкен.
Милиция кызматкерлери ачкычтарды таппаган соң, эшикти сындырууну чечишкен. Бул үчүн атайын күчтөр тартылган.
Буга чейин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүүгө келишкени кабарланган.