Бишкек милициясы окуучуларды коркуткан киши украиналык жаран Ярослав Овсюк экенин тастыктады .
Ага телефон террорчулугу үчүн Россиянын ИИМи издөө жарыялаган.
Белгиленгендей анын Кыргызстандын аймагында жүргөнү катталган эмес.
Бишкек милициясы шаардагы ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
«Келип түшкөн маалыматтын баары дароо текшерилүүдө. Тизмедеги мектептердин бардыгы текшерилип, кооптуу эч нерсе табылган жок», — дешти милициядан.
Тартип сакчылары такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырды.