• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Милиция Русланбек уулу Миржанга издөө салат

9 Кулжа 202117:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Русланбек уулу Миржанга издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 3-майында үйүнөн Бишкек тарапты көздөй чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай, чачы, көзү кара.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү боорунда ак жазуулары бар футболка, көк түстөгү джинсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.

“ Русланбек уулу Миржандын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-79-89, 0(707) 18-11-87, 0(702) 31-75-22”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 208