• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Милиция “өспүрүм кыз көз жарды” деген маалымат боюнча үн катты

13 Жалган куран 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы Сокулукта зордукталды деген 16 жаштагы кыздын окуясы боюнча маалымат таратты.

Милициянын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Сокулук районунун тургуну жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө 16 жаштагы кызы Т. аттуу киши менен жыныстык катнашта болгонун айтып кайрылган.

Арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

«Милиция кызматкерлери ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Т. аттуу адамдын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Б.Т. аттуу адам экени аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү да, жабырлануучу да суралып, Б.Т. аттуу киши окуяга катышы жок экенин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган», — деп жазылат маалыматта.

Милиция териштирүүнүн жыйынтыгы менен жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына тосмо арыз жазганын кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМКлар «Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөдү» деген маалыматтарды жарыялашкан.

Количество просмотров: 470