«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго кол салуу Аламүдүн районунда болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал социалдык тармакта анын машинасына тапанча атылганын айткан. Милицияда белгиленгендей, Султанбеков окуя кайсыл жерде болгонун так айткан эмес. Ал милицияга дагы кайрылган эмес, бирок укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Султанбеков Аламүдүн РИИБине бара жаткан.
Басма сөз кызматы окуя тууралуу кененирээк маалымат иликтөөдөн кийин берилерин кошумчалады.