Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.
Милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда Пакистандын эки жараны Ысык-Көлдө самынданып жуунуп жаткан учурдагы видео тараган. Аталган көрүнүш социалдык тармактарда нааразы пикирлерди жараткан.
«Аталган окуяга байланыштуу милиция кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, көлдө самынданып жуунууга болбой турганын айтышкан. Чет өлкөлүктөргө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин жана сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо эскертилди»,-деп айтылат маалыматта.