• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Милиция Ысык-Көлдө палас жуугандарды издөөдө

29 Кулжа 202214:59 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде белгисиз жарандар палас жууп жатканы тартылган видео тарады.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул видео боюнча экологиялык милицияга тапшырма берилген.

Учурда Ысык-Көлдүн жээгинде палас жууган адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 918