• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция жаш балдарды мушташтырган окуяны териштирип жатат

29 Кулжа 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Интернетке тараган видеодогу эки жаш баланы мушташтырган аялдардын аты-жөнү такталып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 10-июнда Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагында болгон. Атасынын үйүнө төркүлөп барган 38 жаштагы жарандын сегиз жашар уулу менен анын сиңдисинин тогуз жашар кызы мушташкан.

«Аталган факты Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын эки кызы суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы А.Г. эки уулу менен туруктуу жашаган Ош облусунун Алай районуна кетени аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 505