Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине кол салган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-декабрга караган түнү милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 7-апрель менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде башка унааларга тоскоол болуп жаткан «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунааны көрүшкөн.Текшерүүчүлөр автоунааны токтотуп, айдоочуга жакындаганда, айдоочу менен жүргүнчүдөн спирт ичимдиги жыттанган.
Милициянын автоунаанын документтерин көрсөтүү өтүнүчүнө айдоочу менен жүргүнчү каршы болгон. Уят сөздөрдү айтып, мас балдар каршылык көрсөтө башташкан.
Шектүүлөр мушташ башташкан. Алар кенже сержанттын погондорун айрып, офицерлерге кол салышкан. Басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, милиция кызматкерлери эскертүү иретинде абага, коопсуз багытта ок чыгарышкан.
Аталган кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Ж.Д. жана 2004-жылы туулган Ж.Д. кармалып, Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголду.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Окуянын видеосу буга чейин интернет тармагына жарыяланган.