• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Милициянын жубайларына “Офицердин аялы” медалы тапшырылды

16 Жалган куран 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин аялы” ведомстволук медалын тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.

ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, офицердин аялы жолдошунун оор кызматынын бардык кыйынчылыктарына, ошол эле күтүлбөгөн чалууларга, ыкчам сапарларга жана командировкаларга чыдап, милиция офицерине дем берип, аны колдоо үчүн колдон келгенин барын жасайт. “Офицерлердин жубайлары коомдук коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот деп айтсак да болот, анткени алар үйүндө дайыма күткөнү бар экенин билип, көңүлү тынч мекенге кызмат кылат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык ИИББ башчысынын орун басары Нурбек Калыкеев милициянын офицеринин аялы болуудагы чыдамкайлыгы үчүн аялдарга ыраазычылык билдирди. “Оор жумушчу күндөн кийин сиздер бизди жылуу жана даамдуу тамагыңыздар менен тосуп аласыздар. Оор кызматтарды жана өзгөчө кырдаалдарды жеңүүгө сиздер жардам бересиздер. Чындыгында, кыйын учурларда күйөөлөрү менен ишенимдүү жана мээримдүү аялдар гана калышат. Демек, сиздер медалга гана эмес, андан дагы көп нерсеге, ченемсиз бакытка, бакубатчылыкка жана улуу сүйүүгө татыктуусуздар”,-деди Калыкеев.

Количество просмотров: 206