• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Миллиондогон зыян келтирүү менен «Жаштар» паркы чала оңдолгон…

5 Бирдин айы 2021 17:50 Бишкек Govori.TV

2017-жылы борбор калаанын мэриясы үч борбордук паркты: «Жаштар», «Фучик» жана «Карагачевая Рощаларды» оңдоп-түзөөгө 90 миллион сом бөлгөн. Бирок иш жүзүндө оңдоо иштери керектүү деңгээлде жүргөн эмес.

Бүгүн «Молодежный» эс алуу багына «Биздин укук» фонду жана журналисттер биргеликте жүргүзгөн иликтөөсү тууралуу айтып беришти.

Айтымында дал ушул эле паркка келтирилген чыгым 5 миллион сомго эсептелген. Бирок эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.

Кошумчалангандай, бактагы курулуштардын баалары салыштырмалуу жогорулатылган.

«Планга ылайык, сейил бактын айланасында асфальт жол болушу керек, ал анын жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүн да бириктирип турмак, бирок чындыгында ал жок. Кичинекей унаа токтотуучу жайга гана асфальт төшөлгөн. Документтерге ылайык, 28 отургуч болушу керек болчу, бирок чындыгында алардын саны 18, брусчатка бетонго төшөлүшү керек эле, бирок иш жүзүндө кумга төшөлгөн. Мындан улам учурда брусчаткалар жарылып, жылып кеткен», — дейт журналист Булат Сатаркулов.

Реконструкциялоонун алкагында курулган объектилер: альпинизм дубалы, балдар аянтчасы, футболдук аянтча али пайдаланууга бериле элек. Айтымында алар талаптарга жооп бербейт.

Ал эми Кыргызстандын альпинизм, аскага чыгуу жана музга чыгуу федерациясынан келген Бекулан Каримов парктагы дубалды альпинизм дубалы деп атоого болбойт.

«Бул кандайдыр бир белгисиз көркөм объект. Себеби ал дубалга чыгуу үчүн коюлган талаптардын бирине да жооп бербейт. Мында спортчу бут кийимин алмаштыра турган подиум болушу керек, камсыздандыруу болушу керек жана анын астында атайын мачталар, машыктыруучулар бөлмөсү, шаймандарды сактоочу бөлмө жана башкалар болушу керек эле», — деп түшүндүрдү ал.

Количество просмотров: 148