• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Миллиондук аялдама. Прокуратура айыл-өкмөт башчысын кармады

20 Бугу 2023 23:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.

“Текшерүүдө, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө барып, өзүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, келишимди бузуп, аялдама пункттарын куруу боюнча курулуш иштери башталбагандыгына жана бул объекттер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабастан «Д.Л»ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталган”, — дейт маалыматта.

Бул факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. 

Учурда иш боюнча тергөө иштери улантылып, курулган объектилер боюнча соттук курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 310