Бул бороон эки күндөн бери Американын Флорида штатын каптап, анын кесепетинен тынымсыз нөшөр төгүп, суу ташкынына алып келди.
Ушу кезге чейин бороондон каза болгон адам 16га жеткенин Би-би-си жазды. Адам өмүрүнөн тышкары инфраструктурага канча зыян келтирилгени азырынча эсептеле элек, бирок ал өтө чоң болоору айтылууда.
Флорида штатынан эвакуация болгон 5 миллиондон ашык адамды үйлөрүнө келүүгө шашпай туруусун эскертип жатышат. Ушу тапта бул шаарда 3 млн. үй жарыксыз калса, башка көптөгөн эл жашаган аймактарда суу жок.
Ошондой эле Флорида штатынын батыш жээгиндеги Санкт-Петербургда 250 миң адам жашайт, алар да суусуз калышты.