Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги гранттардын тизмеси жана кабыл алуу көлөмүн коомдук талкууга чыгарды. Университеттерде эң көп гранттар педагогикалык (2 130) жана IT багыттарына (1 688), орто кесиптик окуу жайларда — медициналык адистиктерге (1 270) бөлүнөт.
Жаңы багыттар боюнча да гранттар каралган: жасалма интеллект, блокчейн, санарип укуктар жана кайра жаралуучу энергия. Жалпысынан гранттардын 50%дан көбү техникалык адистиктерге берилет.
Университеттерге атайын квоталар да каралган: эң жогорку балл алган абитуриенттер, чет өлкөдөгү кыргыздар, майыптар жана жетим балдар үчүн. Педагогикалык адистиктерде Баткенде пилоттук ваучердик каржылоо сынагы өтөт.