• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министр Айзаданын окуясындагы жоопкерчилигин сезерин айтты

8 Чын куран 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилигин сезерин айтты. Бекешев министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:

«Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан, сиз, эгер жоопкерчилик сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок», — деди Бекешев.

Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын «ала качуу» деп атап, апасына телефон чалган милиция кызматкерине жаза көрүлүшүн талап кылды.

Айзаданын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Количество просмотров: 96