• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Министр: Акча чогултулган мектептин директорлору иштен алынат

25 Бештин айы 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Анын айтымында, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына — бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү.

«Акча алуу токтотулду, камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу Бишкек шаарында болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз», — деди Кендирбаева.

Количество просмотров: 109