• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баатырованын талапкерлигин ЖКнын дагы бир комитети жактырды

6 Аяк оона 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу маалыматты КР президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытов берди.

Депутаттар саламаттык сактоо тармагына байланыштуу бир катар суроолорду беришти.

Талкуунун соңунда комитет Жогорку Кеңешке Гүлнара Баатырованы КР саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 90