• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министр Базарбаев сабалган 2 жашар баланын абалы менен таанышты

8 Бирдин айы 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

8-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин №3 балдар ооруканасында жаткан Егорду көргөнү барды.

Кудайберген Базарбаев балага жана үй-бүлөгө керектүү социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү тапшырды. Ал эми Сокулук райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы баланы жеке коргоо жана оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн үй-бүлө менен жекече иш алып баруу планын түзгөн.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.

Количество просмотров: 59