Бүгүн, 1-сентябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Сагынбаев Канат Латипжановичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун сунушу жөнүндө маселе каралып, колдоо тапты.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов КР Президентинин сунуштамасы боюнча маалымат берди.
Талкуу маалында комитет төрайымы Винера Раимбачаева, депутат Аида Исатбек кызы бул тармактын өзгөчө сезимтал экенин, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек рыногун өнүктүрүү жана эмгек мигранттарынын укуктарын камсыз кылуу маселелеринин артыкчылыгын баса белгилешти.
Ал эми эл өкүлү Камила Талиева Россия Федерациясындагы мекендештердин укуктук абалын жакшыртуу маселесин ортого салып, ал жактагы министрликтин өкүлчүлүгүнүн ишин күчөтүүнү табыштады. Депутат Илимбек Кубанычбеков да миграция тууралуу сөз кылып, мигранттардын билим берүү, социалдык жана медициналык кызматтарга жетүүсү боюнча маселелерди көтөрдү.