Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туураупрезиденттин басма сөз кызматынан кабаралашты.
Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин бул кызматты аркалап келген Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы бүгүн маалымдалган.