• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы ураган мектепке барды

21 Бугу 2022 13:52 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.

Сапардын жүрүшүндө Айлмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.

Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.

Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган.

Количество просмотров: 409