• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Министр Бейшеналиев «кымбат баадагы унаалар» боюнча кептерге жооп берди

8 Чын куран 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев автоунаалары боюнча социалдык тармакка тарап жаткан билдирүүлөргө түшүндүрмө бергенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министр тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

«Депутат Жусупбек Коргонбай уулу туура эмес маалымат таратып жатат. Ал берген маалыматтар бир катар интернет булактарына жайылып, “Алымкадыр Бейшеналиевдин көп унаасы бар экен” деп талкуулап жатышат. Маалыматта Кульматова Гүлнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп машинелер катталган дептир. Гүлнара Ренатовна менин аялым эмес. Маркум Кульматов Ренатты менин кайнатам дешиптир, бул дагы жалган. Менин аялым Кульматова Замира Марленовна. Анын 2002-жылы чыгарылган Lexus RX 300 унаасы бар. Менин кызым Бейшеналиева Салтанат Алымкадыровна. Ага катталган машина 2008-жылы чыгарылган Honda Аccord. Эл өкүлү жалган маалымат таратууну улантып, башка эле адамды менин жубайым кылып салганы абдан осол иш. Ал эми жубайым Замира Марленовна эки жыл болуп калды, рак илдетине чалдыгып, Түркияда 9 ай дарыланганын мурда дагы айттым эле. Учурда Орусияда химия алып жатат. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар оорулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен. Такталбаган маалымат менен каралоо кылып жаткандарды ушак таратууда тактап коюуга чакырат элем», — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактын айрым колдоонучулары Бейшеналиевге катталган автоунаалар деп кымбат баалуу унаалардын сүрөттөрүн жарыялашкан.

Количество просмотров: 234