Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 11-ноябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Улуттук Онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиеваны эмнеге кызматтан кетиргенин айтты.
«Мен башкы дарыгерликке үч талапкерди сунуштадым. Өкмөт кимисин тандаса ошол Улуттук борборду жетектейт. Бул адамдардын бардыгы медицина илимдеринин докторлору. Буга чейин президент Садыр Жапаров мени чакырганын, жолугушууга Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров да катышканын айткам. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен аталган борбордо текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада мыйзам бузуу аныкталган», — деди Бейшеналиев.