• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Министр Бейшеналиевдин Исманкуловдун клиникасындагы бейтаптар тууралуу айткан видеосу тарады

4 Чын куран 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Исманкуловдун медициналык борборундагы бейтаптар тууралуу айткан видеосу тарады.

Видео тасмада министр: «Адамдар кала берсин. Украиналыктар деле ачка болуп жатат. Алар деле ачка боло берсин», — деп айткан.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-мартта Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имаратка барган. Анда министрдин Исманкулов менен телефондон сүйлөшүп, имаратты үч сааттын ичинде бошотуп беришин талап кылган. Кийин министр Исманкулов бул талапты аткарбай жатканын айтып, кире беришине кум-шагыл төгүп салууга аргасыз болуп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 1617