• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Бекмурзаев: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталат

31 Жалган куран 202216:15 Бишкек Govori.TV

Жай айында «Камбар-Ата-1» долбоорунун курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Алгачкы курулуш иштерине 20 млн доллар каралган. Курулуш иштери июнь-июль айларында башталат. Бул долбоор Кыргызстанга гана эмес коңшу мамлекеттерге да пайдасы тиет. Май айында коңшу өлкөлөрдүн президенттери келип, канча көлөмдө инвестиция салынары сүйлөшүлөт. «Камбар-Ата-1» отуз жылдан бери айтылып келе жаткан ири долбоор. Курулуш ишине коңшу өлкөлөр кошулбаса Кыргызстан өз күчү менен куруп бүтүрсө болот»,-деди ал.

Количество просмотров: 115