• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министр: Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок

2 Бирдин айы 202410:58 Бишкек Govori.TV

 Борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Турак үйлөрдө температура сакталууда. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 градус болушу керек. Үйлөрдөгү температура өмүргө коркунуч туудурган деңгээлге түшпөйт”, — деди ал.

Количество просмотров: 116