Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияда өткөн 65-эл аралык математикалык олимпиадада ийгилик жараткан Кыргызстандын курама командасын сыйлады.
Министр өжөрлүк менен оор жолдорду басып өтүп, жеңишке жеткен окуучуларга жана алардын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева алар жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, Министрликтин ыраазычылык катын жана ноутбуктарды тапшырды.