• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду

7 Аяк оона 202314:15 Бишкек Govori.TV

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Количество просмотров: 1782