• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Иманалиев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болду

22 Чын куран 2024 18:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, юашкармалыктын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерлер Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланган.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган жок деген негиз менен 7-сентябрда Билим берүү министри кызматынан бошотулган болчу.

Количество просмотров: 107