Кызматтан алынган билим берүү министри Каныбек Иманалиев эмгек жамааты менен коштошуп, ага ишеним көргөзгөндөргө ыраазычылык билдирди.
«Билим берүү тармагындагы абал өтө оор. Алты айда баарын өзгөртүп салуу мүмкүн эмес. Мен сиздерден убада алгым келет. Биз баштаган иштерди уланткыла. Мына бир миллиондон ашык китепти басып чыгарабыз деп турат элек. Муну аягына чыгаруу зарыл», — деди ал.
Министр Иманалиевге эмгек жамааты калпак кийгизип узатканын көрүүгө болот.