• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Көкүлов министр Иманалиевдин отставкасын талап кылат

6 Аяк оона 2023 12:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине кирип барган учурдагы видео социалдык тармактарда тарап талкуу жаралган. Видеодо министр менен депутаттын ортосунда кайым айтышуу орун алганын көрүүгө болот.

Депутат Эрулан Көкүловдун бул окуясы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да сөз болуп, айрым депутаттар сын айтса, айрымдары колдогон.

Ал эми депутат Көкүлов бул тууралуу журналисттерге өз пикирин айтып, окуя боюнча комментарий берди.

«Мен депутат боломбу, блогерби же журналистпи, ар дайым элдин талабын коргоп келгем жана коргой берем. Айтып кетпедиби этикам, кийингеним боюнча, мен кээ бир жерде макулмун. Бирок тилекке каршы мен өзүмдүн мыйзамым менен колдонуп иштебесем, анда бул жерде иштей албайт экенмин бул жерде. Журналист маалымат алууга кандай укугу болсо, бул жерде депутат катары да менин мыйзамым бар, депутат мамлекеттик кызмат өкүлдөрү тарабынан кабыл алынышы керек деген. Колумдагы бар мыйзам менен элдин укугун коргойм. Ал эми менин кийген кийими, сүйлөгөн сөзүм боюнча мага эч ким комментарий бере албайт», — деди ал.

Депутат ошондой эле министрдин кызматтан кетүүсүн талап кыла турганын белгиледи.

Количество просмотров: 1328