• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министр Ниязбеков: Коомчулукка таанымал адамдардын ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз

24 Үчтүн айы 2022 21:23 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо боюнча билдирүү таратты.

«Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды. Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры, же гашиш заты табылган. Ниязбеков төкмө акын Болот Назаровдун кармалуусу тууралуу да түшүндүрмө берип, аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн 14 граммдан ашык кара куурай чайыры табылганын маалымдады. Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт», — деген министр.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына бошотулушкан.

Количество просмотров: 3837