• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр: Он эки жылдык билим берүү системасына өткөндөн коркпош керек

26 Жалган куран 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Он эки жылдык билим берүү системасына өткөндөн коркпош керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, мурда туура түшүндүрүү иштери жеткиликтүү болбогондуктан, коомдо каршылык көрсөтүү болгон.

«Мында баланын жашы өзгөрбөйт. Алты жаштан “нөлүнчү класс” деп аталбайт, биринчи класс деп эле аталат. Ал эми балдарды мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. Ошондо 1-5-класс башталгыч класс, андан соң 6-9-класс, анан 10-11-12-класс болот”, — деди министр.

Ал кошумчалангандай, учурда Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ 12 жылдык билим берүүгө этап-этап менен өтүү боюнча жол картанын үстүндө иштеп жатат.

Количество просмотров: 60