Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
30-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-сапарда жүрөт.
ӨКМдин Басма сөз ызматы билдирет.
Министр Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптулугу бар аймактарды кыдырып, алдын алуу багытында аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана коопту аймакта жашап жаткан жарандар менен жолугу үчүн иш-сапарда жүрөт.
Алгач, министр Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты, Кыз-Көл айыл аймагынын Кыз-Көл айылына көпүрө куруу маселеси каралды. Иш-сапардын жүрүшүндө Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылындагы Жалал-Абад-Благовещенка автожолунун төмөн жагындагы Көк-Арт дарыясынын жээктерине курулган дамбалардын бузулуусуна жол бербөө максатында дарыянын нугуна тосмо (порог) куруу иш-чараларын жүргүзүү керектигин тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Андан соң, министр Н.Мирзахмедов Сузак айыл аймагынын Жаңы-Дыйкан айылынын Камыш-Башы участкасындагы сел каналын тазалоо иштери менен таанышты. Андан ары Атабеков а/а Түрк-Абад айылындагы Чаңгет-Сай сайынын сол жээгин бекемдөө иштерин жеринен көрүп, аталган участкага кошумча дагы 90 даана габион сеткасы бөлүнүп бериле туган болду, буга чейин КР ӨКМнин 2019-жылдагы алдын алуу иш-чарасынын негизинде 150 даана габион сетка бөлүнүп берилип орнотулган.
Министр Н.Мирзахмедов иш-сапарынын алкагында Базар–Коргон районундагы коопту аймактарды кыдырып, алдын алуу багытындагы иш-аракеттер менен жеринен карап чыгат.