• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министр Султан Жумагуловго Түркияда операция жасалды

26 Бирдин айы 2018 9:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV
КРнын Маданият жана маалымат боюнча министри Султан Жумагуловго Түркиянын алдыңкы  ооруканаларынын биринде операция жасалды. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактарыбыздан билдиришкен.
Анда белгилүү болгондой, мурдагы КТРдин директору, учурда мамлекеттин маданият тармагын башкарып жаткан кесиптешибиз Султан Жумагулов көп жылдан бери ашказан илдети менен жабыркап, бул оору акыркы мезгилде анын саламаттыгына чоң көйгөй жаратып келген. “Алдын ала алынган дарттын аныктамасына ылайык, бул ашказан жарасын айыктыруу боюнча Түркиянын кайсы бир ооруканасы кепилдик берген. Мына ошондон кийин аны жакындары боордош Түркияга алып барып, операция жасатышты. Операция ийгиликтүү өтүп, министр акырындык менен өз калыбына келе баштады”,-деп билдирет өздүк булактар.
Андыктан, Govori.TV маалымат агенттиги да Султан Жумагуловичке чың ден соолук каалап, сакайып чыгышына тилектеш экенин билдирет.
Количество просмотров: 34