• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министр Талантбек Батыралиевди парламентте “такалашат”…

26 Бирдин айы 2018 9:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети бүгүнкү жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишмердиги талкууланат. Бул тууралуу ЖКнын сайтынан белгилүү болду.
Тагыраагы, жыйындын күн тартибинде Бишкекте жаңы курулуп, ишке берилүү алдында турган Кыргыз-Түрк ооруканасынын ачылышы тууралуу маселе каралып, оорукананын курулуш чыгымдары, анын иш алып баруу планы, адистер, каржылык маселелери боюнча суроо –жооптор болмокчу.

Ошону менен бирге эле акыркы учурда коомчулукта чоң резонанс жараткан министрлик жарыялаган тендер аркылуу келип, жараксыз болуп турган  тез жардам унааларынын тууралуу да маселе каралышы мүмкүн.
Эске сала кетсек, Германиядан келген гранттык каражаттын эсебинен Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 тез жардам унаасын алууга тендер жарыялап, анда уткан компания келишимдеги мөөнөттөн дээрлик жарым жыл кечигүү менен 15 тез жардам унаасын Бишкекке алып келген. Бирок, ал унаалар тендердин техникалык талаптарына жооп бербей турган абалда болуп чыккан.
Количество просмотров: 31