• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖК комитети Кутнаеванын талапкерлигин жактырды

12 Аяк оона 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин карап, анын талапкерлигин жактырды.

Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков Нурия Кутнаевага кайрылып, “Дастан” заводунун алдыдагы тагдырына кызыкты. Депутат Гулшаркан Култаева өздүк документ алууда калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөрдү көтөрүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга чакырды. Депутат Винера Раимбачаева алыскы аймактарда санариптиштирүү иштерин толук кандуу бүтүрүүнү айтып, региондордогу калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөрдү жөнгө салуу маселесине көңүл бурду. Министрдин милдетин аткаруучу Нурия Кутнаева депутаттар көтөргөн бардык маселе көңүл борборунда турганын белгилеп, тармактын ишин жакшыртууга аракет көрөрүн билдирди.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков, депутаттар Азамат Исиралиев, Улукбек Ормонов Д. Кутнаеванын министр кызматына дайындалышын колдой турганын билдирип, ишине ийгилик каалашты.

Количество просмотров: 120