• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзам долбоору ЖК комитетинин күн тартибинен алынды

26 Кулжа 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин күн тартибинен бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору алынды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, буга чейин ”Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору аталган комитеттин 27-июндагы жыйынында биринчи окууда карала турганы кабарланган.

Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы киргизилүүдө.

Количество просмотров: 78